Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын күнү белгиленди

17-январда Кыргызпатент Инновациялык борбордо ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрдү. Мекеме жыл сайын аталган майрамды белгилеп келет. 

4L7A8603 Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын күнү белгиленди

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева ачып берип: “Бүгүн биз сиздер менен жаш жаратмандарды даңазалоо үчүн чогулуп жатабыз. Биздин иш-чарабыз курчап турган айлана-чөйрөгө балдардын кызыгуусун арттырууга жана турмуштук көйгөйлөрдү чечүүдө чыгармачылыкты колдонууга үндөө максатын көздөйт” деп белгиледи.

Салтанаттуу аземде КРнын УИАнын машина таануу жана автоматика институту менен бирге инженердик мектептин ачылышы болуп өттү. 

4L7A8598 Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын күнү белгиленди

Куттуктоо сөзүнө ЮНИСЕФтин жаштарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү программалары боюнча координтору Н. Каракулова жана КРнын УИАнын машина таануу жана автоматика институтунун директору Б. Султаналиевдер чыгып сүйлөштү.

4L7A8617 Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын күнү белгиленди

 Балдар үчүн FABLab лабораторияда гравировака жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү, техникалык китепканада балдар үчүн атайын викторина, STEAM боюнча илимий эксперименттер, ошондой эле балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулду.

4L7A8624 Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын күнү белгиленди

Иш-чарада “-“Metabilim” компаниясынын негиздөөчүсү Тыныбек уулу Жылдызбек, “Маткасымов” компаниясынын негиздөөчүсү – Убай Маткасымов, , Google продуктун адиси, Youtube мекемесинин кызматкерлери жана Dance 4life долбоорунун тренери Асыла Акулуевада спикер катарында чыгып сүйлөштү. 

4L7A8621 Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын күнү белгиленди

Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен областарынын, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, окуучулар, жалпысынан онлайн жана офлайн форматта 3 000ден ашуун киши катышты.