Криминалдык милиция кызматынын аталышы өзгөртүлдү

Криминалдык милиция кызматынын аталышы кайрадан Кылмыш иликтөө кызматы болуп өзгөрдү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Криминалдык милиция кызматы 2018-жылы түзүлгөн. Буга чейин ал Кылмыш иликтөө кызматы деп аталып келген.