Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборундагы ката жазуу оңдолуп жатат. Бул тууралуу ЖМКларга аталган мекеменин жетекчиси Сталбек Бердиев билдирди.
«Ката жазууну тендерден уткан компания ишемби күнү кечинде илип кетиптир. Мен иш сапарда жүргөндүгүмө байланыштуу жумуш ордунда эмесмин, кабарым жок эле”, – деди аталган мекеменин жетекчиси.
Жазууну көргөндөн кийин дароо чечип, оңдоткуча имараттын маңдайынан сүрөткө тартышып социалдык тармактарга жүктөлдү. Жетекчи буга байланыштуу кимдин кандай кызыкчылыгы бар билбей жатканын айтты.
- -Мен иштегенге чейин мурунку эски жазууда дагы ката бар экен, деп белгиледи ал.
«Здравоохранения» деген сөзү бир эле «о» менен жазылып калыптыр, эмнегедир анда сенсация болгон эмес. Бул маселе боюнча министрликтен дагы жеме угуп, түшүндүрмө берип жатабыз. Тиешеси барларды жазалайбыз»,-деди Бердиев.