2017-жылдын 16-январында эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747-412F үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон.
Тынч уйкуда жаткан 35 тургун (алардын 17си балдар) жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары эле.
«АСТ Airlines» компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан. Расмий маалыматка таянсак, учак Бишкектеги «Манас» аэропортуна экипажды алмаштырып, күйүүчү май куйганы конмок.
2017-жылы учак кырсыгынан кийин Мамлекет аралык авиациялык комитет иликтөө баштаган. Дээрлик үч жылдан ашык жүргөн иликтөөнүн жыйынтыгы 2020-жылдын февраль айында гана жарыяланды. Авациялык комитеттин отчётунда кырсык учкучтардын катасынан улам болгону айтылган.
Ал эми Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы Жазык кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү менен иш козгоп, кийин ал токтотулган.
Учак кулаган күндөн тартып эле учактагы жүк кимдики деген суроо коомчулуктун тынчын алган.
Расмий түрдө «Бoингде» турмуш-тиричиликке керектелчү техника, чөнтөк телефондор жана алардын жабдыктары болгону көрсөтүлгөн. Алар карго катары Кыргызстанга эмес, Стамбулга ташылып баратканы айтылган. Кыргызстандын УКМКсы жүктүн эки тоннага жакыны «электр оттуктар» экенин, алар «JTI Kazakhstan LLC» компаниясынын буюртмасы менен Стамбулдан Бишкекке жеткирилмек болгонун кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык учактагы жүк оболу Стамбулга барып, анан кайра Бишкекке жеткирилмек.
Бирок бул маалымат кыргыз коомчулугун ынандырган эмес. Кулаган учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалар табылганы да көптөгөн суроолорду жараткан.
Бул боюнча өкмөттүк жана депутаттык комиссия иштеп, бирок иликтөөнүн жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.
Коомчулуктун айрым өкүлдөрү жүктү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштырып келет.
Кырсыкка байланыштуу кылмыш иши кийинчерээк токтотулганы кабарланган. 2021-жылдын декабрында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында экенин кабарлаган.