Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылды


ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттардын Кыргызстанга келип түшүү каналына бөгөт коюшту.

YouTube video
WhatsApp Image 2022 01 12 at 09.15.23 2 Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылды


Атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда Баткен-Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унаага тинтүү жүргүзүүдө арткы отургучунан Ооганстанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 2 кг түзгөн, эки таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган.

WhatsApp Image 2022 01 12 at 09.15.23 Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылды


Бул ишке маанилүү болгон далилдерди жок кылуу коркунучу бар болгонуна байланыштуу, ошол эле күнү Лейлек районунун Арка-2 айылындагы К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, короосундагы кум үймөгүндө көмүлүп катылган 3 таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган. Табылган гашиш баңгизатынын жалпы салмагы 5 килограммды түздү. Кармалган жаран К.Э. Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда бул баңги кылмышына тиешелүү жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 01 12 at 09.15.23 1 Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылды
WhatsApp Image 2022 01 12 at 09.15.22 Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылды


ИИМдин БМЖКККсы тарабынан республика боюнча буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат. ИИМдин Басма сөз кызматы