Африкада Матраимовдор суу чыгарды

Африкада Матраимовдор суу чыгарды.

Бул тууралуу Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов социалдык баракчасынан билдирди.

Бул туурасында видео интернет желесинде тарады. Кудуктун жанында “Matraimovs Family” деген тактаны байкасак болот.

Ошондой эле тактада телефон жана “Жардам жана билим алуу” деген жазуу бар.

Бул видеодон «Матраимовдун үй-бүлөсү» деген жазуусу бар кудукка айыл тургундары чогулуп жана суу алып жатышканын көрүүгө болот. Ошондой эле тактайчада, «Рахма» фонду деген да жазуу бар. Аталган фонд африкалык айылдарда кудуктарды жана мечиттерди куруу менен белгилүү жана ага каражатты дүйнөнүн бардык мусулмандары берсе болот. 2020-жылы «Азаттык» радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. Ошол эле учурда Кыргызстанда таза суу чыкпаган 300 айыл бар.