
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси башаламандыкта кыргыз жараны каза болгонун тастыктады.
Каза болгон жаран фитнес-тренер болуп эмгектенген. Ал эмне болуп каза болгону такталууда жана окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.
Учурда анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү иш чаралары жүрүп жатат.