
Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылындагы №1-мектепке жаңы даараткана курулду. Бул тууралуу аталган мектептин директору Патима Магомедова билдирди.
Анын айтымында демөөрчүлөр курулуш иштерине 1 980 000 сом бөлгөн.
“Биз айыл өкмөтү менен биргеликте “окуучулардын өздүк гигиенасы” долбоорунун алкагында өткөн тренингде жеңип алганбыз” – деп билдирди Магомедова.