Казакстанга 150 кыргыз аскер кызматкери, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтүлөт, – Ташиев

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин жөнөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, ЖККУнун кызматташтыгынын алкагында Кыргызстан Казакстандагы тынчтык орнотуу операциясына катышуу чечимине келген.

«Биз өлкөбүздөн 150 аскер кызматкер, 8 бронетехника, 11 автотехника жөнөтөбүз», — деди Камчыбек Ташиев.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулду. Эл өкүлдөрү коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат, каттоодон 53 депутат өттү. Ал ортодо Ак үйдүн алдында кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршы митинг өтүп жатат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды.