Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен Иманов Талантбек Орускулович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды.