Ишкер Тимур Файзиев Ысык-Көл облусундагы “Асман экологиялык таза шаарчасын” куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун 4-январда президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган Тимур Файзиев дирекцияга жетекчи болгонун 3-январда “Инстаграмдагы” баракчасы аркылуу жарыялаган.
“Асманды” куруу боюнча мамлекеттик дирекция 2021-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Ошол жылдын 6-июнунда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп турган Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөргөн.