
«Шамбала» фильми «Moving Film Festival» эл аралык кинофестивалда 7 сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кинофестиваль 28-декабрдан 31-декабрга чейин болуп өткөн. Ал эми «Шамбала» фильми Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде режиссёр Артыкпай Сүйүндүков тарабынан тартылган.
Сыйлыктар:
— «Эң мыкты»:
Акжол Бекболотов
Мурат Алиев
— «Эң мыкты композитор»:
Мурзали Жеенбаев
— «Эң мыкты үн режиссёру»:
Бакыт Ниязалиев
Калыбек Шерниязов
— «Эң мыкты шөкөт»:
Наргиза Маматкулова
Караш Жанышов
Элдияр Мадаким
— «Эң мыкты грим»:
Айгуль Кыдыралиева
— «Эң мыкты костюм»:
Айгуль Кыдыралиева
— «Эң мыкты визуалдык эффект (VFX)»:
Элдияр Мадаким
Изат Абдраимов.