
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат