
Ош облусунун Кара-суу районунда каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
27-декабрда Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын Көкүм-Бий көчөсүндө каналда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар каналдан белгисиз эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.