Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камактан бошотулду. Бул тууралуу ал өз кайрылуусунда билдирди.
/www.facebook.com/freemango2/videos/5055076767878230/?t=2
Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча айыпталып, №1абакка камалган. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ал бошотулуп, үй камагында болгон.
2021-жылдын 5-августунда «үй камагынын эржелерин бузуу» боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал кайрадан СИЗОго киргизилген. 27-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча бардык айыпталгандардын камакта кармоо мөөнөтү аяктаган.