Аламүдүн районунун Кырман айылынын 24 жаштагы тургуну бычакталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаш жигит 25-декабрда аймактык ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү милиция кызматкерлерине бейтап тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») менен кылымштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
«Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Ж.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.