Аламүдүн-1де аялдын артынан аңдып барып сабап, зордуктоого аракет кылган

Бишкектин «Аламүдүн-1» кичи районунда белгисиз адам көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирген аялдын артынан аңдып барып сабап, зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу жабырлануучу «BlackList.kg» Instagram баракчасына билдирген.

«Бүгүн таң эрте үйгө келе жаткам, үй Зеленая көчөсүндө жайгашкан. Подъезддин эшиги ачык экен. Үйдүн жашоочулары системалуу түрдө домофонду өчүрө алышат, жана бардык эле адамдар эшикти ача алышат. Подъездге киргенде артымдан бирөө келе жатканын түшүндүм. Ал 35-40 жаштардагы эркек киши болчу, бою болжолдуу түрдө 175 сантиметрди түзөт. Ал мага кол салып, сабап баштады. Кыязы, зордуктагысы келди, бирок мен каршылык көрсөтүп, кыйкыра баштадым. Ал киши коркуп качып кетти. Мен канга боёлгон бойдон үйгө чуркадым, барып дароо полиция чакырдым», — деп жазган ал.

Жабырлануучу көзөмөл камерасынан алынган видеону да жарыялаган. Тасмада анын артынан белгисиз бирөө подъездге кантип кирип, бир канча убакыттан кийин эшиктен чуркап чыкканын көрүүгө болот.Видеоплее