
26-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска 38 адам чалдыкты. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте -23, Ош шаарында -1, Чүй облусунда -2, Ысык-Көл облусунда -2, Ош облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -2, Баткен облусунда -1.
Таласта вирус жуктургандар катталган жок.
Былтыр марттан бери Кыргызстанда жалпы 184 477 адам коронавирус жуктурган.
Акыркы суткада илдеттен 3 адам каза тапты. Коронавируска каршы ыкчам штаб каза болгондор эмделбегенин маалымдады.