
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, өлкөдө акредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Швейцария Конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер, Монголияныкы Ганхуяг Содном жана Азербайжан Республикасыныкы Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырды.
Азем башталардын алдында чет элдик дипломатиялык миссия башчыларын Ардак кароол тосуп алды.


Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин президент Садыр Жапаровдун ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушууларынын жүрүшүндө өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы элчилерди жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматка дайындалышы менен куттуктады.