Токмокко жакын жерде куураган чөп жана бак-дарактар күйдү

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-декабрда Чүй районунун аймагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 61-чакырымында аянты болжол менен 6 гектар бак-дарак жана куураган чөп күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, өрт саат 19:46да чектөөгө алынып, 20:55те толук өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.