Кыргызстанда 21-декабрда 217 ​​түгөй баш кошту

Кыргызстанда кечээ, 21-декабрда (21.12.21) 217 ​​түгөй баш кошту. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дал ушул күнү баш кошууну каалаган түгөйлөрдүн саны көп катталган. Бирок алар үлпөт тойго 30 күн калганда арыз жазышы керек болчу.

Жаңы үйлөнгөн жубайлар жашаган жерине карабастан каалаган ЗАГСтан никеге тура алышат. Бардык калкты тейлөө борборлорунда нике расмий түрдө катталып, никелешүү күбөлүгү берилет.