«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгына Нургазы Нишанов дайындалды

Бүгүн, 22-декабрда «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды.

Маалыматка ылайык, «Кыргызнефтегаз» ААКнын директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин өз каалоосу менен жазылган арызын карашты. Анын арызы кабыл алынып, ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми директорлор кеңешинин чечими менен «Кыргызнефтегаз» ААКнын төрагалык кызматына Нургазы Нишанов дайындалды.  Ал директорлор кенеши жана Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда эмгек жамаатка тааныштырылды.

Белгилей кетсек, Тургунбаев башка жумушка бара жаткандыгына байланыштуу жумуштан кетти.