Бакыт Жетигеновдун жакындары митингге чыкты

Бүгүн, 22-декабрда Ак үйдүн алдына бийликти басып алууга айыпталгандардын туугандары нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын арасында депутат Бакыт Жетигеновдун жакындары бар. Кармалгандардын тарапташтары бошотуу талабын коюп жатышат.

«Бүгүнкү күндө жалпы 15 бала кармалып жатат. Айылда жүргөн жөнөкөй балдар кантип Ак үйдү басып алсын? Алар соттолуп кетсе бала-бакырасын ким багат? Жактоочу жалдаганга каражаттары жок кыйналып жатышат. Айылда болгон оокатыбызды таштап, ушул жерде жүрөбүз»,-деди акциянын катышуучусу Аскар Мусакеев.