Бишкектеги конуштардын биринде жашаган 49 жаштагы жаран 9 жашар кызын зордуктап жүргөнү белгилүү болду. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында социалдык кызматкер милицияга кайрылып, 9 жаштагы кызды 49 жаштагы атасы зордуктап жүргөнүн кабарлаган. Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган.
26-февралда Бишкек мэриясынын Балдар иштери боюнча комиссиясы кызды алты айга Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна тапшырган. Апасы кызы менен жолдошун 2 айлык кезинде таштап кеткен бойдон кабар алган эмес. Ал эми шектүү кызын жалгыз тарбиялап келген.
Тергөө учурунда жашы жете элек кыз аны атасы зордуктаганын айткан. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен да тастыкталган.
Жыйынтыгында киши 12-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бир нече күндөн кийин Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн. 12-июнда Биринчи Май райондук прокуратурасы кишини ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган. 8-сентябрда сот доо арызды канааттандырган. 18-июнда кызды толук мамлекеттик колдоо үчүн мектеп-интернатка киргизишкен.