Нарын ОИИБи: “Зомбулуксуз жашоо үчүн” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Нарын ОИИБи: “Зомбулуксуз жашоо үчүн” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2021 12 18 at 08.43.53 1 Нарын ОИИБи: “Зомбулуксуз жашоо үчүн” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 17-декабрь кънъ Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык мызыкалык драма театрында Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков,Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын шаардык билим беръъ бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов, устаз Мамбетасан Ибраев,Нарын шаарында жайгашкан орто мектепти директорлору жана жогорку класстын окуучуларынын катышуусунда “Зомбулуксуз жашоо учүн” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.
Алгач сөз Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабековго берилип, Өлкөнүн өнүгүүсүн көргүң келсе анда алардын жаштарын кара”демекчи биздин максат жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун,зордук-зомбулуктун,мектеп рекетчилигин алдын алуу, окуучулардын мектепке келип кетиши, окуудан тышкары бош убактыларын туура пайдаланууга багыт берүү менен кылмыш кырсыктан алыс болууга жана сергек жашоого жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.Мына бүгүн мектеп партасында татыктуу билим алып,туура кесип тандап,мамлекет ъчън ак кызмат кылсанар өлкөнүн келечеги силердин колуңарда экенин баса белгилеп өттү”- А.Жумабеков
Иш-чарада Нарын облусунун аймагында анын ичинен Нарын шаарында өткөрүлгөн “Антирекет, укук бузуучулукка каршы”аталыштагы рейддик иш-чарага активдүү катышып, милиция кызматкерлерине көмөк көрсөтүп кылмыштуулуктун алдын алууда кошкон зор салымдары учүн мектеп администрациясы жана окуучуларга Алмазбек Жумабеков “Ардак грамота”, “ Алкыш” баракчаларын тапшырды.

WhatsApp Image 2021 12 18 at 08.43.52 Нарын ОИИБи: “Зомбулуксуз жашоо үчүн” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 18 at 08.43.53 2 Нарын ОИИБи: “Зомбулуксуз жашоо үчүн” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

“Зомбулуксуз жашоо үчүн” аталыштагы иш-чарага чакырылган коноктор жаш жеткинчектерге кайрылуу жасап, акыл насаат айтуу менен окуучулардын окууларына ийгилик каалап уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Иш-чара концерттик программанын коштоосунда өткөрүлдү.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы