
Жайыл райондук милициясы дайынсыз жоголгон 51 жаштагы Абдилак Сыдыков издөөдө.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Сыдыков 15-декабрда саат 10:00дө Петропавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Милицияга арыз менен анын кызы кайрылган.
Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кыска жана ак баскан.
Кийими: кара баш кийим, көк куртка, кара түстөгү бут кийим.
“Кимде-ким Абдилак Сыдыковдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо 0(312) 22-15-58, 0(709) 15-91-69, 0(708) 55-52-51 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.