Өмүрбек Текебаев: “90 депутаттын сексени бийликчил депутаттар”

Келе жаткан жаңы парламенттин депутаттарынын басымдуу бөлүгү бийликчил депутаттар деген билдирүүсүн Өмүрбек Текебаев Вulak.kg редакциясына билдирди.

Саясатчынын айтымында, граждандык коомдун башка институттардын жана партиялардын саясатта ролу абдан чоң экендигине басым жасап, алдыда аткара турган чоң иштер бар экенин белгиледи.

Оппозициячыл саясатчы учурдагы парламенттин лидерлери авторитет болуусу керектигин айтты. Алар күн тартибин аныкташы керек деген пикирди ортого салды.

Текебаев ошондой эле бийликтин күчтөнүүсү “застойго” алып келет деди. Мындай биздин тарыхыбызда болгон. Эч ким жаңы сунуш кылбайт, ошону менен бирге эч ким бийликтин саясатынын тууура эмес жерлерин айтпайт. Өзүм билемдик деген нерсе катага алып келет, – деди Текебаев.

YouTube video