Кыргызпатент “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “STEAM билим берүү”  боюнча мастер-класс өткөрдү

 Кыргызпатент “Билимтек” жоопкерчилиги чектелген коому менен бирге Инновациялык борбордо № 95 мектеп-гимназиясынын окуучу кыздары  үчүн “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “STEAM билим берүү”  боюнча мастер-класс өткөрдү.

9973732c a97b 4356 a273 91cfadf6050b Кыргызпатент “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “STEAM билим берүү”  боюнча мастер-класс өткөрдү

Иш-чаранын максаты – кыздарды билим берүү жаатындагы илимий-техникалык багытты изилдөөгө тартуу жана аларды таанып-билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердигин өнүктүрүүгө шыктандыруу.

a254aa8f b6fb 4d0c 9acd 80901b2298f6 Кыргызпатент “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “STEAM билим берүү”  боюнча мастер-класс өткөрдү

Мастер-класстын жүрүшүндө окуучу кыздар химия боюнча кызыктуу эксперименттерди өткөрүп, буюмдун креативдүү дизайнын түзүү үчүн ар түрдүү графикалык редакторлор менен иштөөнү үйрөнү, FabLab өндүрүштүк лабораториясында лазердик кесүү менен даяр макетти иштеп чыгуу процесси менен таанышып чыгышты.

7dba1c30 4aaa 4035 b4d8 e758ca9c8010 Кыргызпатент “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “STEAM билим берүү”  боюнча мастер-класс өткөрдү

Иш-чаранын жыйынтыгында окуучу кыздарга сертификаттар жана Кыргызпатенттин “Идеядан ойлоп табууга чейин” усулдук окуу куралы тапшырылды.