
Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндөгү батирлердин биринен куткаруучулар кыздын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, маркум 1997-жылы туулган К.К. экендиги аныкталды. Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Эшикти ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.