Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишкер аялдар менен жолугушту. Жолугушууда аялдардын бизнес чөйрөсүндөгү маселелери талкууланды.
Башкармалыктын башчысынын айтымында, ал ар дайым кызматташууга жана конструктивдүү демилгелерди колдоого даяр.
«Бүгүнкү күндө коомчулукта өз орду бар, мекендештерине үлгү болуп, аларды шыктандырган көптөгөн ийгиликтүү айымдар бар. Алар барган сайын айыл чарба тармагында өз ордун таап, жеке ишканаларды жетектеп, айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошуп, жамааттарды жетектеп келе жатышат», — дейт ал.
Ошондой эле мындай жолугушууларды дагы уюштуруп, баарлашуу аянтчасын салтка айлантаарын убада кылды.