
Пара алуу фактысы боюнча кармалган Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Улан Уезбаев 6-декабрда УКМК тарабынан кармалып, ошол эле комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал транспорт жана коммуникация министринин орун
басарынын милдетин аткарып турган кезде 45 миң доллар опузалап акча каражатын алганы айтылган.