Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында “Субару Форестер” менен “КамАЗ” унаалары кагышкан. Жол кырсыгынан жеңил унаанын 34 жаштагы айдоочусу, Б.Э. аттуу жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми 29 жаштагы С.Ч. аттуу жүргүнчүсү Жумгал аймактык ооруканасына жеткирилип, ооруканадан каза болгон.
“Субару Форестердин” дагы эки жүргүнчүсү райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.