
«Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп Талантаалы Бакчиев дайындалды. Бакчиевди академиянын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Талантаалы Бакчиев — манасчы, «Манас» эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору.
Кошумчалай кетсек, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси 2019-жылы түзүлгөн. Буга чейин академияны Топчубек Тургуналиев жетектеп келген.