
Чүйдө бир жума ичинде 2 миң 927 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мас абалында унаа башкаруу — 33, жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу — 1 123, документи жок 25 айдоочу унаа башкарган.
Белгилей кетсек, атайын айып унаа токтотуучу жайына 112 унаа токтотулду.