«Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын оту 17-декабрда жандырылат

«Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын отун 17-декабрда жандыруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, бүгүн, 13-декабрда вице-мэр Виктория Мозгачева жаңы жылга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

«Бишкексвет муниципалдык ишканасы өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштерин бүтүрүү стадиясында турат. Ал этно-стилдеги инсталляциялар менен шөкөттөлөт»,-деп айтылат маалыматта.