
«Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын отун 17-декабрда жандыруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, бүгүн, 13-декабрда вице-мэр Виктория Мозгачева жаңы жылга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.
«Бишкексвет муниципалдык ишканасы өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштерин бүтүрүү стадиясында турат. Ал этно-стилдеги инсталляциялар менен шөкөттөлөт»,-деп айтылат маалыматта.