
Лейлек районунун Арка айылынын тургунунун унаасынан 7 кг салмактагы баңгизаты табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын тургуну “К.К.” аттуу жаранга тиешелүү «Опел» үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган баңгизат табылып, ал гашиш (кара куурай) экени аныкталды.
Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлгөн.