
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) каржылык колдоосу менен 12 акын-жазуучунун китеби жана 2 альбом-каталог, жалпысынан 14 автордун китеби жарык көрдү.
Китептердин бет ачар аземи Улуттук адабият күнүнө карата 2021-жылдын 15-декабрь күнү саат 11.00дө Кыргызпатенттин алдындагы инновациялык борбордо (Эркиндик бульвары, 58а) өтөт.

Китеп окурмандарын, акын-жазуучуларды, чыгармачылыкка кызыккан калемгерлерди, китеп сүйүүчүлөрүн аталган иш-чарага катышууга чакырабыз!
Байланыш телефондор (0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29