“Вакцина алган”: жасалма сертификат берген дарыгерлер иштен алынды

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берилген фактылардан улам бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирди.

Ага ылайык, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.

Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрда эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн билдирген. Мунун алдында айрым журналисттер вакцина тууралуу жасалма маалымдамалар берилип жатканын иликтеп чыккан.