Нью-Йорк шаарында 49 жаштагы жаран борбордо жасалгаланган балатыны өрттөп салганы үчүн кармалды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 8-декабрда чыккан. Ал видеого тартылып, социалдык тармактарга тараган.
Андан кийин аны өчүрүүгө мүмкүн болгон.
Өрт чыгарууга айыпталып 49 жаштагы Крейга Тамахан аттуу жаран кармалган. Ага өрт коюу жана бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон.