Жаңы жылдын алдында мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана эмгек мигранттарынын балдары менен кезигип, аларга майрамдык маанайды тартуулоо, милиция кызматкерлеринин жакшы салттарынын бирине айланып калды. Бул жолу, балдарга мейманга Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев жана Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыковдор барышты.
Меймандардын келишине, шайыр жана кайраттуу балдар өзгөчө кубанып, аларды жакын адамдары катары тосуп алышты. Тартип сакчылары, ушундай шартта жашаган 15 жаш өспүрүмгө ар кандай кеңсе товарларды, оюнчуктарды, жер-жемиш жана таттууларды белек катары тапшырып, аларга майрамдык маанайды тартуулашты.
Ал эми балдар болсо, милиция кызматкерлерине окууда жетишкен ийгиликтери жана келекчектеги ой-максаттары менен бөлүшүп, кеңири айтып беришти.
«Бардык балдар бактылуу балалыкты баштарынан өткөрүү үчүн жаралган. Алардын жүзүнөн күлкү кетпеши керек. Аймактын милиция кызматкерлеринин башкы максаты – балдардын кубанычын жана жарык маанайын көрүү болуп эсептелинет. Ошондуктан, ар бир майрамда балдарга мейманга келип, аларга белектерди тапшырып кетүү аманаты, биздин жакшы салтыбызга айланып калды», – деп, белгилей кетти Ысык-Көл ОИИБдин начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы