Суунун Казакстанга агызылганы боюнча Энергетика министрлиги түшүндүрмө берди

Ушул жылдын жаз-жай мезгилинде Токтогул суу сактагычынан кошумча көлөмдөгү суунун агызылганы боюнча Энергетика министрлиги түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын калкын жана экономикасын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында Кыргызстан менен Казакстан Энергетика министрликтери электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганы айтылат.

Казакстан жаз-күз мезгилинде Кыргызстанга 900,0 млн. кВт/саат электр энергиясын берген.

Келишимдин негизинде ушул жылдын мартынан май айына чейин Казакстандан 420,0 млн. кВт/саат электр энергиясы алынган, бул учурда Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кыргыз тарап Казакстанга июнь-август айларында буга чейин алынган 300,0 млн кВт/саат электр энергиясын кайтарып берген.

Белгилей кетсек, ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин министрлик билдирди.