Сот Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту

Бүгүн 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту.

Судья Нурдин Ибраимов УКМКнын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Буга чейин саясатчы «Кумтөр» иши боюнча кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш «Кумтөр иши» боюнча айыпталган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес. Парламент эки депутаттын Конституциядагы ыйгарым укуктары бузулуп, камалган деп тапты. Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда атайын кызматтын тергөө абагына камалышкан.

zulpukarov Сот Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту

Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш эл депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестиктен ажыратуудан баш тартып, депутаттык комиссиянын чечимин колдогон.