
Бүгүн, 9-декабрда Боом капчыгайында унаа бетон тосмону сүзүп, өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында Бишкек — Торугарт унаа жолунун 122-чакырымында «Ауди» үлгүсүндөгү унаа бетон тосмону сүзгөн. Тосмону сүзгөн соң унаадан өрт чыккан.
Жол кырсыгынын кесепетинен бир адам жаракат алган.