Жаңы жылдан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.
Президент айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгарганын жазган.
“Жарлыкка ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз”, — деп жазган ал.
Өлкө башчысы кошумчалагандай, негизги максат дыйкандарга шарт түзүп, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу.