Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматынын «Тез жардамдагы дарыгер» бейрасмий аккаунту жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу 20 жашта, ал кыз менен эки жыл сүйлөшкөн. Бул убакыт аралыгында алар жыныстык катнашка барышкан эмес. Бирок жигит кыз менен алгачкы жолу жыныстык катнашка баргандан кийин экөө бири-бирине ылайыктуу эмес экенин түшүнгөн. Андан соң ага үйлөнбөй турганын айткан.
Жигиттин бул чечими кыз-жигиттин ортосунда түшүнбөстүктү пайда кылып, кыз жигиттин манжасын сындырып, сабап салган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабырлануучуга керектүү жардам көрсөтүлгөн.