Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов кызматтан кетти

Бул тууралуу комитеттен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал кызматтан кетүү боюнча арызын бүгүн, 2-декабрда тапшырган. Анын арызын Улуттук олимпиада комитетинин президентинин милдетин аткаруучу Канат Аманкулов кабыл алган. Министрликтин маалыматына караганда, эртең аткаруу комитетинин кезексиз жыйынын өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, декабрь айынын ортосунда Улуттук олимпиада комитетине президенттик шайлоо өтөт. Азыркы учурда анын милдетин Канат Аманкулов аткарууда.