Укук коргоочу Анвар Сартаев шайлоонун жыйынтыгына макул болбой, ачкачылык жарыялады

№16 Ноокен округунан депутаттыкка талапкер Акылбек Арстанбековдун Боршайкомдогу өкүлү, укук коргоочу Анвар Сартаев шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп ачкачылык жарыялады.

Ал арызында ушул эле округдан талапкерлигин койгон «Бактыбек Сыдыков добуш сатып алып жатат» деп жазган. БШКга 23-ноябрда арыз бергенин, бирок чара көрүлбөгөнүн белгилеген. Сартаев 30-ноябрда Акыйткатчы институтуна барып ачкачылык жарыялаган.

«Көп киши мага чалып «жашың өтүп калды, ачкачылыкты токтот» деп атат. Мен азырынча ачкачылыкты кармап атам. Эгерде Акыйткатчы институтунун аппараты суранса, көрөм. Анткени азыр жарык болгондуктан, мен институттун имаратына кире алам. Бул жак кечинде жабылат да».

№16 Ноокен округунан шайлоого төрт талапкер ат салышкан. Бул аймакта 30-ноябрь саат 15:00гө карата добуштардын 81% эсептелип бүттү. Ага ылайык, Бактыбек Сыдыков 51,89% менен алдыда келатат. Экинчиде Акылбек Арстанбеков – 30,25%. Сыдыков окуя боюнча комментарий бере элек.