Президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптары боюнча айрым ММКларга комментарий берди.
Анын айтымында, бир күн мурун 8500 сом төлөгөн. Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаровдун экс-пресс-катчысы ММКларга жарыяланганга чейин айып пул тууралуу билбегендигин айтты.
“Мен айыптардын баарын кечээ төлөдүм Унаамды уулум азыр да колдонот, балким ал жол эрежесин бузгандыр. Эгер мен бул тууралуу мурда билсем, дароо төлөп бермекмин. Кээде адам кокустан жол эрежесин бузуп алат, бул адамдык фактор”,- дейт ал.
Эске салсак, айрым ЖМКлар айдоочу Галина Байтерек катары көрсөтүлгөн BMW X6 үлгүсүндөгү унаанын сүрөтүн жарыялашкан. Маалым болгондой, унаада төлөнбөгөн айыптар көп болгон.