Галина Байтеректин «BMW X6» унаасы кызуу талкууда, – видео

Социалдык тармактарда президенттик администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүм башчысы Галина Байтеректин унаасы кызуу талкууда.

image 12 25 Галина Байтеректин «BMW X6» унаасы кызуу талкууда, - видео

Ал тепкен унаа «BMW X6» толтура айыпка жыгылганы айтылды.

Temirov LIVE сайтынын журналисттери анын унаасын текшергенде, БМВ унаасынын ээси чындыгында Галина Байтерек болуп чыккан.

«Унааны ал 2020-жылдын июнь айында сатып алган, тактап айтканда ал октябрь окуяларына чейин эле, Садыр Жапаров президент боло электе эле сатып алыптыр. Галины Байтеректин бир дагы компаниясы жок. Ошондой эле, kabar.kg сайты жарыялаган материалда анын эмгек стажында 2015-жылдан тартып 2020-жылдын октябрынна чейин бир да иштеген жери жазылган эмес», — дейт журналист Актилек Капаров.

image 12 26 Галина Байтеректин «BMW X6» унаасы кызуу талкууда, - видео

«Балким, BMW X6 унаасын туугандары белекке беришсе керек, бирок анын жол кыймылын бузгандыгына 6 бузуу ар бири 8 мин сомдон катталган. Баардыгы жол кыймылынын жогорку ылдамдыкта айдаганына байланыштуу айыптар. Галина Байтерек жада калса былтыркы айып пулдарын төлөгөн эмес», — деди ал.

YouTube video